Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сапат сыйлыгына ээ болду

Сыйлык тапшыруу аземинде КРнын премьер-министри Темир Сариев «Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы 14 жылдан бери тапшырылып келет. Жыл сайын белгилүү бир тармак тандалып алынып, өз ишинде сапаты менен айырмаланган ишканалар сыйланат. Быйыл болсо сынак “Сапаттан өнүгүүгө карай жол” деген ураандын алдында саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш, чекене соода жана коомдук тамактануу тармагындагы тейлөө багытында сапаты менен айырмаланган ишкана жана мекемелерди сыйлап жатабыз», – деди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылга карата “КРнын сапат областындагы сыйлыгын” изденип алууга конкурс конкурс жарыялап, аталган сыйлыкты изденип алуу үчүн ОшМУ талапкер катары катышкан.  Анда конкурстун шартына жана бардык критерийлери (9 критерий) боюнча өз ишмердигине объективдүү баа берген көлөмдүү отчет түзүп, конкурстук комиссияга тапшырган. Конкурстук комиссиянын эксперттери отчеттогу маалыматтарды тактоо максатында ОшМУга визит менен келип, мониторинг өткөрүшүп кетишкен. “Отчетто жеке эле жетишкендиктер эмес, ОшМУда сапатты жогорулатуу жаатында орун  алган мүчүлүштүктөр, аларды четтетүү боюнча пландалып жаткан ишмерчемдер, университеттин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылган эле” –деди ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева.

Конкурстун жыйынтыгында ОшМУ билим берүү мекемелеринин ичинен  КР өкмөтүнүн Сапат сыйлыгынын дипломанты болду.  Бул жалпы университеттин жамаатынын чоң сыйлыгы.