ОшМУ мырзасы-2025
Сынактын шарттарына ылайык ОшМУнун факультеттеринен жана колледждеринен “мыкты” деп тандалып алынган сегиз мырза төрт турда өз чыгармачылыгын тартуулады.
Жыйынтыгында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун студенти Тимур Эсенбаев «ОшМУ мырзасы-2025» номинациясына ээ болду.
Ал эми Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенти Бакберген Расулжан уулу, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенти Бексултан Памир уулу II орунду, Медицина факультетинин студенти Адахан Идинов III орунду ээледи.
Сынакка активдүү катышкан мырзаларга «ОшМУнун интеллектуал мырзасы», “ОшМУнун инстаграмм мырзасы”, «ОшМУнун таланттуу мырзасы», “Мыкты идея” номинациялары ыйгарылды.
Сынактын катышуучуларына окуу жай тарабынан жана кесиптик бирлик комитети тарабынанан акчалай сыйлык, диплом, сертификат жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул сынак жыл сайын салтка айланып студенттерге тарбия берүү, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу, мырзалардын интеллектуалдык деңгээлин, тапкычтыгын, чыгармачылыгын, ой жүгүртүүсүн, мекенге болгон сүйүүсүн даңазалоо максатында, Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулуп келет.