ОшМУ кесиптик бирлигинин семинары
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан 2024-жылдын 28-апрелинен 28-майына чейин “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо” күнүнө карата 14-май күнү ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин жыйындар залында окуу семинары өткөрүлдү. Семинарга Ош мамлекеттик университетинин баардык факультет, колледждеринин кызматкерлери катышты. Анда төмөндөгү суроолорго актуалдуу жоопторду алышты.
- “Муниципалдык турак-жай; кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы баяндама;
- Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан 2024-жылдын 28-апрелинен 28-майына чейин “Эмгекти коргоо айлыгы” байланыштуу жана 28-апрель – “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо” күнүнө карата баяндама (Турдубаев Б.А.).
- Ар түрдүү маселелер.
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети