ОшМУ "Ата Мекенди коргоочулар күнүнө" карата бильярд оюнун өткөрдү
Окуу жайдын кесиптик бирлик комитети 23-февраль “Ата Мекенди коргоочулар күнүнө” карата бильярд боюнча ОшМУнун биринчилигин өткөрдү. Ага окуу жайдагы бардык структуралардагы кызматкерлер катышты. Мелдеш 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку агайлар ортосунда болду. Жалпы катышуучуларга атайын дастаркон жасалып, сый тамактар тартылды. Кесиптик бирлик комитети тарабынан бильярд өткөрүүгө 110 000миң (жүз он миң) сом акчалай бөлүп берилген.
Оюндун жыйынтыгында 45 жаштан жогорку окутуучулар арасында:
1-орун: Алмаз Боркулов - Медицина факультетинин окутуучусу;
2-орун: Кенжаев Идирисбек - PhD докторантура жана магистратура бөлүмүнүн башчысы;
3-орун: Тимурлан Даминов - Дене тарбия факультетинин улук окутуучусу;
4-орун: Санжарбек Абдыкадыров Бизнес жана менеджмент факультетинин доценти
45 жашка чейинки окутуучулар ортосунда:
1-орун: Кубанычбек уулу Нурсултан – Тарых факультетинин окутуучусу;
2-орун Адилбек Эргешов - Юридика факультетинин окутуучусу
3-орун: Кубаныч Орозбаев - Искусство факультетинин окутуучусу;
4-орун: Мухаммед-Юсуп Айдар уулу Өзгөн медициналык колледжинин окутуучусу ээледи.
Жеңүүчүлөргө кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар, дипломдор берилди.
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети