ОшМПУда “Эне тил – улуттун уңгусу” аттуу сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
ОшМПУда Нооруз майрамына карата сынак өтүп, жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу жана окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Эне тил – улуттун уңгусу, көөнөрбөс мурасы” аталышында кафедралар аралык кароо сынак өттү.
Иш-чара 21-март Нооруз майрамына карата уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, окутуучулар жана студенттер катышты.
Саамалык кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын, наркын жана эне тилин даңазалоо максатында мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 3-орунду информатика жана математика кафедрасы, 2-орунду мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы, ал эми 1-орунду башталгыч класстын педагогикасы жана усулу кафедрасы багындырды.
Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу жана окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалар тапшырылды.