Ош ОПКнын Президиуму
Областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кезектеги Президиумунун отуруму 4-апрель күнү болуп өттү. Отурумга Президиум мүчөлөрү жана ОПКнын тейлөөсүндөгү бардык уюмдардын төрага, төрайымдары катышышты. Президиумда негизинен студенттик жаштардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана аларды мотивациялоо маселелери каралып, контракттык негиздеги студенттерди жыл аягына дейре мүчөлүккө кабыл алууну аяктоо чечими кабыл алынып, БПКнын токтомун жетекчиликке алып, ар бир окуу жай иш-чаара түзүп, анын үстүндө иш жүргүзүү окуу жайлардын бириккен профсоюз комитетинин төрагаларына тапшырылды. БПКнын Президиумунун № 17/1 «Профсоюздун ишмердүүлүгүндө инновация жана жаштар жылы жөнүндөгү» токтомун турмушка ашыруу маселелери боюнча уюштуруу иштери каралды. Кызматкерлердин жайкы Спартакиадасына даярдыктарды көрүү, райшаар, окуу жайлар, зоналар, факультеттер арасында өткөрүп, областтык спартакиаданы «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата май айында, райшаар окуу жайлар арасында КУУнун спорттук базасында мектеп менен окуу жайдын ортосундагы байланышты чыӊдоо максатында, биргеликте уюшкандыкта өткөрүү талкууланып, чечилди. Отурумда андан башка ар түрдүү маселелер каралып, талкууланды.
Областтык профсоюз комитети.