Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош технологиялык университети ардагерлерлерди урматтады

2025-жылдын 14-февралында Ош технологиялык университетинде Ооган согушунун 36 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев Ооган согушунун ардагерлерин кабыл алып, аларга урмат-сый көрсөттү.

Ректор өз сөзүндө Ооган согушунун ардагерлери университеттин көп жылдык тарыхында маанилүү ролду ойноп келгенин белгилеп, аларды ар дайым көңүл борборунда сактап, аларга колдоо көрсөтүү менен катар ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, Окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева да ардагерлерди куттуктап, кесиптик бирлик  комитетинин атайын сыйлыктарын тапшырды. Өз сөзүндө ал ардагерлердин эрдиктери кийинки муундарга патриоттуулук жана жашоонун кыйынчылыктарына туруштук берүү боюнча чоң сабак экенин баса белгиледи.

Ооган согушунун ардагерлери университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришип, өздөрүнө көрсөтүлгөн көңүл буруу үчүн терең алкыштарын билдиришти.