Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин курамы толукталды
Ноокат районундагы №58-башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун баштапкы кесиптик бирлик комитети өздөрүнүн чечими менен областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин курамына Президиумдун отурумунун токтомуна ылайык 2024-жылдын январь айынан баштап кабыл алынды.
Кабыл алынгандан баштап, областтык комитет тарабынан тармактык Уставга ылайык уюштуруу, каржылык жана укуктук маселелер боюнча усулдук практикалык жардамдар көрсөтүлдү.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети