Ооган согушунун катышуучулары эскерилди
“Ооган согушуна” катышкан аскерлерге урмат-сый көрсөтүү менен курман болгондорду эскерүү күнү салт болуп калды.
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Назипахан Тажибаева 2024-жылдын 15-февраль күнү билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан афган согушунун 6 катышуучусу менен жолугушуп, алардын эрдиктерине токтолуп, ардагерлерге акчалай сыйлыктарын тапшырды. Алардын билим берүү тармагында жүргүзүп жаткан иштерине ийгиликтерди каалап. Жаштарга патриоттук тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети