Ооган согушунун ардагерлери
Ооган согушунун ардагерлерине арналган салтанат 15-февраль күнү Гүлчө айылындагы Жеңиш паркында болуп өттү. Учурда Алай районунда 40 Ооган согушунун ардагерлери эмгектенишүүдө.
Алардын ичинен 2 ардагер билим берүү кызматкерлери. Алар Асанов Жолдубай №14 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин тарых мугалими, профсоюз уюмунун төрагасы жана Тоокеев Бакыт №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими.
Ооган согушунун ардагерлерине арналган салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек ачып, сөздү Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А.Ташкуловго берди. Аким ардагерлери куттуктоо менен ийгиликтерди каалады.
Ооган согушунда курман болгондорго арналып куран окулду.
Салтанаттан соң Ооган согушунун арналып белектер берилди. Ж.Асанов менен Б.Тоокеевдерге да Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбеков жана Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыровдор куттукташып акчалай сыйлыктарын, белектерин беришти.
Билим берүү кызматкерлеринин
Алай райондук профсоюз
комитетинин төрагасы: А.К.Абдыкадыров