Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду
Аксы районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул Ажы атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюму окуучулар менен биргеликте Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү. Ардагерлер өз сөзүндө жаштарды патриоттуулукка үндөп, мекенди сүйүүгө чакырышты. Жолугушуунун акырында ардагерлерге арналган концерттик программа өткөрүлдү.
Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Сатылганов