Ооган согушунун ардагерлери биздин сыймыгыбыз
Мындан 33 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер Ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында Ооган согушунун ардагерлери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Анда согуштун каармандары дүйнөдө дайыма тынчтык болсун деген тилектерин айтып, ошол учурдагы эсте калган күндөрүн эскеришти. Иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлер жана студенттер катышышты.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкеттик университетинде Ооган согушунун алты ардагери үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Алар Усенов К.Ж., Шерматов А.О., Мамытов М.И., Нурдинов Ш.Ш., Джоробаев Ы.С., Сарымсаков Р. Ооган согушунун ардагерлеринин арасында университеттин ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов да болгон. “1979-жылдан 1989-жылга чейинки болуп өткөн кандуу согушта бир канча өмүрлөр кыйрады, атасыз калган балдар ыйлады. Биз болгон күчүбүздү, мээнетибизди, жада калса өмүрүбүздү сайып, согуш майданында эли-жерибизди коргодук десем жаңылбаймын. Эми эч качан согуш болбосун, тынчтыктын баасын билели! Ардактуу жаштар, студенттер силер мекенчил, элиңерге кызматыңарды аябаган ак жүрөк инсандардан болгула. Келечегиңер кең болуп, тынчтыкта бактылуу жашагыла! Ал эми Ооган согушунун каармандарына бүгүн мамлекет жогорку деңгээлде көңүл бөлүп, материалдык жана моралдык колдоолорду көрсөтүп жатат. Баарына ыраазычылык,”- деди К.Усенов.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш.Маткаримова ЖАМУда иштеген Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап сөз сүйлөдү жана комитеттин эсебинен каржылык белектерди тапшырды.
Жолугушууда ардагерлер студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Эске салсак, Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө Ооган ардагерлери коомдун түрдүү тармактарында активдүү катышып келишүүдө.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова