"Онлайн тест - 2022"
2022-жылдын 28-февраль күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери үчүн "Онлайн тест" кароо сынагы өткөрүлдү. Бул сынак баштапкы профсоюз комитеттеринин жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жана укуктук билимдерин арттыруу максатында өткөрүлдү. Кароо сынактын жүрүшүндө жалпы 40 суроого кырк минута берилди. Жыйынтыгында 105 баштапкы кесиптик бирлик жетекчилери катышып 50%дан жогору упай алган катышуучулардын тизмеси аныкталды. Жогору упай алган катышуучулары үчүн областтык комитеттин ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктар менен 8-март аялдардын эл аралык майрамынын алдынан район,шаарларда сыйлоо иш чаралары уюштурулмакчы.
Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын адиси Гапарали уулу Мансур