«Онлайн тест-2022» кароо-сынагы
2022-жылдын 3-мартында Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан областтагы баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын жана төрайымдарынын ишмердүүлүгүн жана укуктук билимдерин арттыруу максатында өткөрүлгөн онлайн тест өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен мыкты ийгилик көрсөткөн Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын баштапкы профсоюз уюмунун жетекчилери областтык комитеттин ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Сыйлоо иш-чарасына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жеемуратов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров катышышты.
Маалыматты даярдаган: Областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур