Онлайн семинар
2020-жылдын 7-декабрында Билим жана илим кызматкерлеринин Баткен областындагы райондук, шаардык, профсоюз комитеттеринде онлайн семинар өткөрүлдү., БатМУнун жана областтык гимназия мектебинин профсоюз комитеттеринин төрагалары, эмгекти коргоо жана техникалык инспекторлорунун катышуусунда. Семинарда эмгекти коргоо иштери жана жыл аягында берилүүчү статистикалык отчеттор боюнча Борбордук комитет тарабынан чыгарылган “Билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо иштерин уюштуруу боюнча сунуштаманын” негизинде талкуулар болду. Мындан сырткары Борбордук комитеттин президиумунун токтому менен бекитилген форма №1 ПОТ статистикалык отчетуна түшүндүрмөлөр берилди. Семинардын жүрүшүндө областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков жана уюштуруу, укук иштери боюнча инспектору К.Акимов катышуучуларга маалымат берип суроо жооп, талкуулар болду.
Маалыматты даярдаган:
Баткен ОПК К.Акимов