Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу семинары

2021-жылдын 18-декабрында Баткен шаарындагы С.Огата атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетине караган баштапкы профсоюз уюмдарынын проф.лидерлери үчүн окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетинин адиси Гапарали уулу Мансурбек, шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Мактым Калыкова жана баштапкы уюмдардын жетекчилери катышты.

Баткен шаарынын мэриясы 9 000 000 сомго С.Огата атындагы орто мектебине кошумча мектеп куруп берүү менен мектепте профком үчүн атайын канаа уюштуруу мүмкүнчүлүгү болду.

Семинардын катышуучулары С.Огата атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы А.Мадалиеванын иш тажрыйбасы менен  таанышып чыгышты. А.Мадалиева 2017-жылдын мыкты профкому кароо-сынагынын женүүчүсү,” Профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгисинин ээси. Жаңыдан шайланган баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына номенклатура боюнча иш кагаздарын туура жүргүзүүнү үйрөтүү менен өзүнүн ишиндеги өзгөчө жетишкендиктерине токтолуп кетти. Профсоюз ишмердүүлүгүн  чагылдырган “Ачык  экран”, “Профсоюздук сериал”, “Профсоюз кемеси” сыяктуу иш тажрыйбалары семинардын катышуучуларынын көнүлүн бурду. Семинардын кайтарым байланышы болуп, анда катышуучулар эки командага бөлүнүшүп ой пикир алышышты.

                   

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы  М.Калыкова