Окуу – семинар өткөрүлдү
Ош областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2021-жылдын иш планына ылайык белгиленген профсоюздук окуу семинар ОшМПУнун базасында өткөрүлдү.
Иш-чарага ЖОЖ, АООЖдун, ОПКнын түз тейлөөсүндөгү профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдары, кадрлар бөлүмүнүн инспекторлору, бухгалтериянын эсепчилери, техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инженерлери катышышты.
Окуу семинарда эки тараптуу эмгек келишимдеринин түзүлүшү, кадрдык иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, зыяндуу жумуштарга кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү, эмгек өргүүлөргө туура чыгаруу, айкалыштырып иштегендерге эмгек өргүүлөрдүн туура берилиши, эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүлөрдүн мөөнөттөрү, педагогикаылк стаждарга кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү, эки тараптуу жамааттык келишимдердин мани-маңызы, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелердин КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жобого ылайык туура эсептелинип берилиши жөнүндөгү маселелердин тегерегинде түшүндүрмөлөр ОПКнын жооптуу кызматкерлери тарабынан берилип, суроо жооптор менен бышыкталып, суроолорго укуктук-ченемдик актылардын негизинде ынанымдуу жооптор берилип, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети