“Окуу керемет” долбоору жыйынтыкталды
2021-жылдын 19-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы М.Куренкеев атындагы №1 орто мектебинин базасында аталган мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери тарабынан “Окуу керемет” долбоору боюнча сабактар, класстан тышкаркы иш-чара жана аягында “Окуу керемет” долбоорунун улуттук тренери Ж.М.Душобаева тарабынан “Балдар адабиятын пайдалануу”, “Чыгармачыл жазуу”, “Күн сайын жазуу” модулдары боюнча тегерек стол-тренинг болуп өттү. Ага Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин жана Кадамжай районуна караштуу А.Темирбаев, Исфайрам, М.Таиров мектептеринен башталгыч класстардын мугалимдери катышты.
Иш-чаранын башталышында долбоордун модулдарындагы стратегияларды колдонуу боюнча сабактар өтүлүп, андан кийин класстан тышкаркы иш- чарага күбө болушту. Иш-чаралардын соңунда долбоор тарабынан сунушталган модулдар боюнча катышуучулар 3 модуль жана эксперттер деп аталган 4 топко бөлүнүп, топтук иштер аткарылып, соңунда аткарган иштерин коргоп беришти. Ал эми эксперттер аткарылган иштерге өз бааларын, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизишти.
Андан кийин улуттук тренер сабактардагы байкоолордун негизинде типтүү каталар боюнча токтолуп, анда Мамлекеттик стандарттын негизги талабы деп эсептелген компетенттүүлүк боюнча иш жүрбөй жаткандыгына токтолуп, Мамлекеттик стандарт боюнча слайд аркылуу түшүнүк берди, сабактарда баалоодо объективдүүлүк сакталбай жаткандыгын айтып, объективдү баалоо жүргүзүү боюнча маалымат берип, катышуучуларга ар бир предмет боюнча 2-класстын жарым жылдыгынан баштап 4-класска чейинки класстарга баалоо критерийлери таркатылып берилди. Тегерек стол-тренинг катышуучуларга Kahoot платформасы аркылуу тестирлөөдөн өткөрүү менен жыйынтыкталып, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова башталгыч класстардын мугалимдерине дем берүү, колдоо көрсөтүү максатында акча каражатын бөлүп берди.
Маалыматты даярдаган: "Окуу керемет" долбоорунун улуттук тренери Ж.Душобаева