Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окутуучулар ортосунда өткөн спартакиадада кимдер жеңишке жетти?

ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков жана кесиптик бирликтин төрагасы, А.Э.Саттаров катышып, спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдиришти.  

Спартакиаданын жыйынтыгында командалык эсеп боюнча 1-орунду Бизнес жана менеджмент факультети, 2-орунду STEM инновациялык колледжи, 3-орунду Медициналык колледжинин командалары ээледи. Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды.  

Жеңишке жеткен командалар, мыкты оюнчулар окуу жайдын жана кесиптик бирликтин дипломдору, кубоктору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Спартакиаданын байге фондуна ОшМУнун кесиптик бирлиги бөлгөн жалпы сумма 170 миң сомду түздү.

Профессордук-окутуучулук курамдын  ортосунда өткөн спартакиада спорттун 5 түрү волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча болду. Мелдештерге окуу жайдын бардык факультеттеринен, колледждеринен, мектеп-лицейлеринен командалар катышты. Мелдешр жылдагыдан өзгөчөлөнүп 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку аялдар жана эркектер арасында өттү. Ошондой эле оюндар эки жарым айга чейин уланып, жуманын ар жума жана ишемби күндөрү бирден спорттун түрү боюнча өткөрүлүп жатты.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети