Окутуу-семинары өткөрүлдү
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитети тарабынан 2024-жылдын 13-июнь күнү Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары үчүн “Номенклатуралык иш кагаздарынын жүргүзүлүшү” деген темада окуу семинары өткөрүлдү. Иш чарага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен шаардык комитетинин төрайымы Ы.Сапарбаева жана баштапкы уюмдардын төрайымдары катышты.
Семинардын башталышында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков Борбордук комитет ,областтык комитет тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, баштапкы уюмдарда жамааттык келишимдердин аткарылышы жана жайкы эс алууларды уюштуруу боюнча маалымат берди.
В.И.Ленин атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Г. Эргешова жана С. Огата атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы А.Мадалиева иш кагаздарын жүргүзүү боюнча слайддарды көрсөтүшүп, бет ачар өткөрүштү. Андан сон тема боюнча катышуучулар арасында талкуу болду.
Сонунда катышуучулар семинар абдан пайдалуу болгонун белгилеп, Ы.Сапарбаевага ыраазычылык билдирип, кесиптик бирликтин ишине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтик Баткен областтык комитети