Окутуу-консультативдик борбордун ачылышы
Профсоюздардын Нарын облустук комитетинин алдында окутуу-консультативдик борбордун ачылыш аземи болуп ага профсоюздук кыймылдын ардагерлери, тармактык профсоюздардын баштапкы уюмдардын өкүлдөрү келип катышышты.
Окуу-консультативдик борбордун негизги максаты профсоюз уюмдарынын лидерлерин, мүчөлөрүн бүгүнкү күндүн талабына ылайык эмгекчилердин укуктарын коргоо, техникалык-санитардык коопсуздук эрежелерин окутуп үйрөтүү жана юридикалык эмгек-талаш-тартыштары айлык акылардын ж.б. маселелер боюнча консультацияларды берүү болуп эсептелет.