Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде Эл-аралык ЭНЕ ТИЛ күнү белгиленди

     21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Тил улуттун жүзү” деген аталышта концерттик программа болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

     Аталган кече институттагы  англис тили, орус тили, кытай тили жана өз эне тилибиз кыргыз тили адистиктеринде окуган студенттер тарабынан даярдалып, өздөрү үйрөнүп  жаткан тилдерин даңазалоо максатында аталган улуттардын маданияттары чагылдырылды.

    Эскерте кетсек башкы окуу имараттын фоесинде, бул күндүн урматына аталган тилдер боюнча дубал гезиттер көргөзмөсү да уюштурулду.