ОГПИде таланттар тандалууда
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген «Таланттарды издейбиз!» аттуу фестивалы жарыяланып, өткөрүлүп келет.
Аталган саамалык быйылкы окуу жылында да иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы өтүп жатат.
1-курстун студенттеринин алгачкы сахнага чыгуусуна шарт түзгөн бул конкурс, үч этаптан туруп, биринчи айлампасы тайпалар ортосунда өтсө, экинчи айлампасы институттун деңгээлинде факультеттер арасында өтүп, калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган талант ээлери гала концерттке фестивальдын лоуриаттары катары жолдомо алышмакчы.
Кароо сынактын жобосуна ылайык катышуучулар фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүшүүдө.
Аталган фестивальды жыйынтыктоо иретинде болуучу гала концертке жолдомо алган катышуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн чоң сахнада да элге тартуулашып, “Таланттарды издейбиз – 2018” аттуу чыгармачыл студенттердин фестивалынын лоуриаттары болуу менен окуу жайдын атайын сыйлыктары, диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышат.
\
Материалды даярдаган Жылкычы у.К.