ОГПИде “Санарип 2020” декадасы өттү...
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Гуманитардык факультетининде семинар болуп өттү. Ага факультеттин окутуучулар жамааты катышып 28-сентябрдан 7-октябрга чейин “Медиа жана маалыматтык сабаттуулук” деген теманын негизинде өз билимдерин кеңейте алышты. Семинарды Ош билим берүү институтунун адистери Эңсегүл Ураимова жана Тынчтык Досмуратов биргеликте өтүп, окутуучуларга медиа тармагы боюнча негизги жана керектүү маалыматтарды тааныштырышты. Бул менен бирге медиа жана маалыматтык сабаттуулук жөнүндө түшүнүктөрдү, эрежелерди, Google кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн, видео сабактарды даярдоонун усулдарын жана ыкчам электрондук тест алуунун ыкмаларын окутуп, үйрөтүштү. Мындан сырткары КРдеги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты тууралуу Калбү Матраимова да кенен маалымат берип өттү. Учурда санариптештирүүнүн ролу кеңейип, аралыктан окутуу уланып жаткан учурда окутуучулар үчүн уюштурулган бул семинар бир топ пайдалуу болуп, алардын талапка жараша иш алып баруусуна көмөк көрсөттү. Окутуунун жыйынтыгы менен катышуучу уюштуруу тобу тарабынан атайын сертификаттарга ээ болушту. Белгилей кетсек аталган саамалык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жарыяланган “Санарип 2020” декадасынын негизинде уюштурулду.