ОГПИде айлык акы жогорулап, “СоцПакет” долбоору ишке кирди
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамынын жана административдик чарба кызматкерлеринин айлык акылары жогорулады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Тактап айтсак кызматкерлердин буга чейинки алган акладына (бардык стимулдарынан сырткары) 65% кошумча акы кошулуп, 2020-жылдын январь айынан бериле баштаган.
Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев окутуучуларга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракеттер болуп жатканын айтат. Ректор өз сөзүндө “Институттун акча каражатын сарамжалдуу пайдалануунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Айлык маянанын жогорулашы окуу процессиндеги түрдүү негативдүү көрүнүштөрдү алдын алып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт жаралып жатат” деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек институттун илимий потенциялын жогорулатууга салым кошуп, кандидаттык илимий даражага ээ болгон илимпоздорго 80 000сомдон ал эми докторлук диссертация жактагандарга 125 000сомдон бир жолудан акчалай сыйлык берилип келет. Ошондой эле окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин чечими менен кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында “Социалдык Пакет” долбоору ишке ашып, 2019-жылдан бери жардамга муктаж айрым окутуучуларга 50 000 сомдон акчалай каражат берилип келүүдө.
Материалды даярдаган:
Кубаныч Жылкычы уулу