Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нургул Апсаматова "Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими” аталды

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү шаардагы мектептер арасында уюштурган “Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими-2021” сынагы жыйынтыкталды.

Кароо-сынактын жыйынтыгында бардык көрсөткүчтөр боюнча эң мыкты натыйжаларды көрсөтүп, байгелүү орундарды камсыздаган мугалимдерди Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова куттуктап, баалуу белектерди тапшырды:

1-орун. Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими Нургул Апсаматова Ардак грамота жана персоналдык компьютер белекке берилди.

2-орун. М.Бабкин атындагы №1 мектеп гимназиясы кыргыз тили мугалими Бегайым Суханбердиева жана К.Закиров атындагы №2 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили мугалими Жамшитбек кызы Акберметке планшет берилди.

3-орун. №4 мектеп-гимназиясы Махабат Камчибековага КРнын Мамлекеттик тил комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Үпөл Асаналиева өзүнүн бир айлык баар акысын акчалай сыйлык катары берди.

Ал эми калган С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин кыргыз тили мугалими Малика Айдаралиева жана И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили мугалими Турсунай Орозовага турмуш-тиричилик каражаттары тапшырылды.

Калган катышуучулар шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинин дипломдору менен сыйланышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети