Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага М. Примкулов И.Арабаев атындагы КМУда

Төрага М. Примкулов И. Арабаев атындагы КМУнун ректору А. Абдраева менен жолугушуп, андан соң спартакиаданын катышуучуларын куттуктады.

Бүгүн, 2024-жылдын  16-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Мусабай Примкулов,   Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева,  КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек, ошондой эле  БГУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Кудайкулов менен жолугушуп, билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык- экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо көрүлүп жаткан иш-аракеттерди талкуулашты.

Андан соң жолугушуу менен катар Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын 100 жылдыгына карата 2024-жылдын 19-21 сентябрында  өткөрүлгөн республикалык спартакиаданын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасы  болуп өттү.

Иш-чарананын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Мусабай Примкулов спартакиадада байгелүү орундарды  камсыз кылган жеңүүчүлөрдү куттуктап,  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ыраазычылык каттарын  жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.