Сыйлык ээлерин тапты
Кызыл-Кыя шаарында "Жылдын мыкты мугалими" сынагы болуп өттү. Анда шаардын 13 мектебинен 14 катышуучу ат салышты.
Конкурсту Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж.Маткалыков жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Матосмонова Д.Ж ачып, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Кыргыз Республикасын билим жана илим министрлигинин "Жыл мугалими " сынагын өткөрүү боюнча Жобосуна ылайык, бардык шарттар белгиленип, катышуучулардын билимин, талантын, педогогикалык чеберчилигин калыстар тобу карады. Калыстар тобунун чечими менен тиешелүү орундар берилди. Жыйынтыгында 1-орун "Кыргызстандын 50 жылдыгы "атындагы №2 орто мектебинин мугалими, 2-орун А.Навои атындагы №8 орто мектебинин, 3-орунду У.Гулматов атындагы №9 орто мектебинин мугалимдери багындырышты.
Соңунда катышуучулар шаардык мэрия тарабынан акчалай сыйлык диплом жана Ардак грамоталар менен, кесиптик бирликтин Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кызыл-Кыя шаардык комитети