Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Күз айындагы ишембилик

Аксы районунун Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү 30-октябрь күнү райондук деңгээлдеги ишембиликке активдүү катышышты. Айлана тегерек көз жоосун алып, сары, кызыл көйнөк кийген жалбырактар өзүнчө эле бир кооздукту берет. Райондук деңгээлдеги ишембиликке ар дайым мектептин кесип бирлик мүчөлөрү активдүү катышышат. Эки тараптуу келишимде эмгекке тарбиялоо, коомдук иштерге катышуу көрсөтүлгөн. Айлана тегеректи, көчөлөрдү тазалоо, иретке келтирүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Ар дайым "таза коом, таза жашоо" деген ураандын алкагында иш жүргүзүүнү баса белгиледи. Айыл жергесинде айылдын элине үлгү боло турган коомдук жай – бул мектеп. Ишембиликке активдүү катышкандарга шаардык мэрия жана директору К.Урустемов алкыш айтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы №6 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева