Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

НООРУЗ – УЛУСТУН УЛУУ КҮНҮ!!!

“Нооруз”, “Жаңы күн”, “Жаңы жыл”- бул үч сөздүн айкашы бир маанинин баяны. Мына жаз көркүнө кирип келе жатат,.Нооруз майрамын майрамдоо ЖАМУнун жамаатында  мыкты уюшкандыкта, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Улуу майрамдын негизги символдорунун башкысы болгон сүмөлөк, көпчүлүк баштапкы уюмдарда 18-марттан бери кайнатылып, майрам шаңдуу башталган. Айрыкча “Медицина” факультетинин жана ”Башталгыч класстарды окутуунун теориясы жана методикасы” кафедрасынын студенттери активдүү катышышып, насаатчы апалардын көрсөтмөсү менен сүсөлөк кайнатуудагы иш аракеттерди  өз колдору менен кармап, жардамдашып, ыйык тамакты даярдоо технологиясын үйрөнүштү . Ал эми быйылкы, Нооруз”  Жалал-Абаддыктар үчүн өзгөчө жана расмий форматта болду: 20-март күнү таң  менен кошо шаардын курорттук аймагында жайгашкан “Фольклордук талаада” кыр катар бозүйлөр тигилип, кырк казан орнотулуп, сүмөлөк кайнатылды.

ЖАМУнун жалпы жамааты да  университетибиздин профсоюздук комитетинин каржылык колдоосу менен, Жалал-Абад колледжинин баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү  уюштуруу иштерин  уюшкандыкта аткарышып, улуттук кийимдердин, тамак аштын, буюмдардын көргөзмөсү   элдик каада салттар көрсөтүлүп, спорттук оюндар өткөрүлдү. 21-март күнү шаарда майрамдык маанай түзүп, оригиналдуу жасалган     борбордук  аянттда Умай эненин аластоосу менен элге сүмөлөк таркатылып, куттуктоолор, театрлаштырылган  оюн-зоок, мукам музыка, ыр күлкү , бийлер менен шаар шаңга бөлөндү. Майрамдык маанай жаратууда биздин ЖАМУнун студенттеринин активдүү катышкандыгын белгилей кетүү абзел. Натыйжада биргешкен аракеттер шаардык мерия тарабынан бааланып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты “Улут сыймыгы”  сыйлыгынын номинанты деп  табылып, атайын сыйлык сенен сыйланды. Улустун улуу күнү ЖАМУ үчүн абийир менен, сый урмат менен башталды. Жаңы жылыбыз жаштарга билим–тарбия берүүдө, кызматкелерге, студенттерге социалдык-экономиткалык, укуктук колдоо көрсөтүүдө, профсоюздук ишмердүүлүктү арттырууда  ийгиликтердин жаралышынын, ынтымак-ырашкерчиликтин, бири-бирибизди түшүнүшүүнүн, бак-дөөлөттүн, молчулуктун, берекенин жылы болуп, тынчылыкта,  денсоолукта узак өмүр сүрүү насип кылсын.  

 

Сүмөлөк...                            Биринчи кайнам

 

Оюндар...                                  Бел күрөш

 

 

Даярдаган:

ЖАМУнун профкомунун мүчөсү

Н.Баитова