Нооруз – майрамы белгиленди
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин баштапкы кесиптик бирлик комитети Жаштар кеңеши менен биргелешип “Нооруз – жаз алып келген жаңы күн!” - деген аталышта майрамдык иш-чараны даярдашты. Иш-чарага окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Маткаримова, ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору А.Л.Алибаев, медицина факультетинин деканы Н.Ташиевалар баш болгон профессордук-окутуучулук курам жана жалпы студенттер катышышты. Төрайым өзүнүн куттуктоо сөзүндө: “Нооруз, жаратылыштын жаңылануусунан, күн менен түндүн теңелүү кереметинен жаралган жаңы күн экенин айтып, нооруз үйүбүзгө кут, ишибизге ийгиликтерди, элибизге ынтымак-ырашкерчиликти, бакыт-таалайды алып келсин! Каада салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым, Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун, жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке, тынчттык тартууласын!- деп мазмундуу сөз сүйлөдү.
Иш-чаранын программасы Нооруз майрамынын мүнөздүү белгилерин камтып, конкурстук негизде болду. Улуттук кийимдердин, кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик боюнча эмгектердин, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү коюлуп, аларды презентациялоо ар улуттун улуттук ыр бийлери менен коштолду. Жыйынтыгында байгелүү орунду ээлөөчүлөр аныкталып, активдүү катышуучулар кесиптик бирлик комитетинин атайын белектери менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова