Ноокендиктердин демилгеси колдоого алынды
Ноокен районунда билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети 2006-жылдан бери ата-энердин сунуштарына ылайык жылына 200-300 чейинки балдарды “Арстанбап” пансионатында, “Арстанбап-Ата” турбазасында ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдардын жайкы эс алуусун уюштуруп келет. Бул иш-чара окуу жылында өзүнүн натыйжаларын берүүдө. Аталган демилгени 2021-жылда Жалал-Абад шаардык комитети колдоого алып, “Академия роста” уюму менен биргеликте “Арстанбап-Ата” турбазасында 29 баланын эс алуусун 15-июлдан баштап уюштурду. Башталган демилге ийгиликтерге жете берсин!
Кесиптик бирликтин жетекчилери, демилгени колдоого алууга чакырамын.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров