Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендик мугалимдер Таласта

2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен кароо-сынактарда 2-орунду ээлеген мугалимдердин 12-14-июль күндѳрү Талас жана Чычкан ѳрѳѳндѳрүндѳ 3 күндүк эс алуулары уюштурулду.

Бул иш чаралар мугалимдер жамааты Кыргызстандын табияты кооз, тарыхый аймактары менен таанышуу максатында жыл сайын салттуу уюштурулуп келе жатат. Саякат сапардын биринчи күнү Таластагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинде болуп, ал жерде Манастын күмбөзүн зыярат кылып, “Манас” эпосунун  музейи жана Талас жергеси менен таанышуу менен жыйынтыкталды.

Кыргыз эли үчүн Манас жана анын күмбөзү “Манас” эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.

Ошол себептен Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда.

Ал гана эмес, бул ыйык жерге чет өлкөлөрдөн да келишип, изилдеп көрүшүп, элден сурамжылап, көргөн билгендерин кагазга түшүрүп, күмбөздүн сүрөттөрүн тартып жүргөн туристтерди да байкоого болот.

Саякат сапарынын соңку күнү мугалимдер Чычкан капчыгайында көңүлдүү эс алып кайтышты.

Мугалимдер Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинен жакшы таасир менен кайтып келишип келечек муундарды тарбиялоодо алган жакшы таасирлерин кеңири колго алып, жаш муундарды патриоттук сезимдерде, Ата Мекенди сүйүүгѳ тарбиялоодо алып келген билим, тажрыйбаларын колдонушат деп ишеним билдиребиз.

Ошондой эле эс алууга барып келген мугалимдер, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловго, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго, Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго терең ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров