Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде жаңы бала бакчалар пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Шайдан, Момбеков жана Бүргөндү айыл аймактарында жаңы бала бакчалардын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев, райондун акими Т.Ишенбеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Шайдан айылындагы №48 “Салия” балдар бакчасы 100 орунга, Момбеков айылындагы №49 “Таштак” балдар бакчасы 75, ал эми Бүргөндү айылындагы №28 “Алтын уя” балдар бакчасынын кошумча имараты 85 орунга ылайыкташкан.

Жаңы мектепке чейинки мекемелерде жалпы 260 орун түзүлүп, бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аларга жалпы 80 миллион сомдон ашуун каражат сарпталып, республикалык бюджет жана райондун өнүктүрүү фондунан каржыланды.

Бүгүнкү күндө райондо бала бакчалардын жалпы саны 49 га жетти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук кесиптик бирлик комитети