Ноокенде президиум кеңешмеси болду
2023-жылдын 3-февралында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин президиуму болуп өттү.
Президиум кенешмесине төрага К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев жана мүчөлөрү З.Усенов, А.Усманов, А.Орозова, М.Абдувалиева, Ф.Акматова, З.Маматова, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты.
Жалал-Абад обкомунун укук жана эмгекти коргоо инспектору А.Айдаров да катышып, президиумдун ишине жана 2023-жылда аткарылуучу иштерге ийгиликтерди каалады.
Президиумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
1. Райондук кесиптик бирликтин 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө;
2. Райондук кесиптик бирликтин регламентин бекитүү жөнүндө;
3. Райондук кесиптик бирликтин 2023-жылга сметасын бекитүү жөнүндө;
4. Райондук кесиптик бирликтин 3-пленумун чакыруу жөнүндө;
5. Тармактык “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2023” кароо-сынагынын райондук турун уюштуруу жөнүндө;
6. Баштапкы кесиптик уюмдарынын иш кагаздарын иреттүү жүргүзүү максатында номенклатуралык иш кагаздарына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
7. “Ден соолук-2023” мугалимдердин райондук спартакиадасын өткөрүүгө каражат бөлүү.
Президиум кеңешмесинин экинчи бөлүгүндө «Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү»темасында “Мыкты кесиптик уюму жана төрагасы-2022” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы менен уланып, анда Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов катышты. Жеңүүчүлөр №6 “Арал” орто мектебинин профкому А.Эргешова жана №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын профкому К.Машаеваларга обком тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т. Бакиров