Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде пленум өткөрүлдү

2022-жылдын 12-май күнү Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында жайгашкан №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын базасында Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 2-Пленуму болуп өттү.

Пленумга райондук кесиптик бирликтин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын  мүчөлөрү  жана мектептердин,  бакчалардын директорлору, райБББнүн адистери, ардагер мугалимдер жана баштапкы кесиптик уюмдун төрагалары катышышты.

Пленумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды.                                                       

1. Райондук кесиптик бирликтин 2021-жылда аткарылган иштери жөнүндө.

2. Райондук кесиптик бирликтин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

3. Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мындан аркы ишмердүүлүгү жөнүндө.

4. Ар түрдүү маселелери.

Пленумдун жүрүшүндө билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген билим берүү кызматкерлери “Ноокен районунун билим берүүнүн ардагери” төш белгиси жана атайын белектер  менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров