“Ден соолук - 2023” спартакиадасы
2023-жылдын 18-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинде билим берүү кызматкерлеринин “Ден соолук - 2023” райондук спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 1 шаар жана 8 айыл аймактын курама командаларынан 300 дөн ашуун билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чарага Ноокен райондук Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Жалал-Абад областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин укук жана эмгекти коргоо инспектору А.Айдаров, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, көп жылдардан бери иштеп, билим берүү тармагына эмгеги сиңген ардагер дене-тарбия мугалимдери келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты.
Иш чараны уюштуруу жана өткөрүүгө Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 50 000 сом, андан сырткары Жалал-Абад областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 20 000 сом каражат бөлүп берилди.
Спартакиада атаандаштыкта өтүп,жыйынтыгында:
Командалар |
1-орун |
2-орун |
3-орун |
Шахмат |
|||
Эркек/Аял |
Кочкор-Ата |
Сакалды |
Ноокен |
Стол теннис |
|||
Эркек/Аял |
Масы |
Сакалды |
Шайдан |
Тогуз коргоол |
|||
Эркек/Аял |
Шайдан |
Кочкор-Ата |
Масы |
Волейбол |
|||
Аялдар |
Шайдан |
Сакалды |
Ноокен |
Эркектер |
Ноокен |
Кочкор-Ата |
Шайдан |
Волейбол боюнча “Мыкты жаш оюнчу” номинациясы менен аялдар арасында №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин мугалими Сабырова Адина Сабыровна, эркектер арасында №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин мугалими Сираждинов Тариел Алмазбекович, ал эми “Мыкты ардагер оюнчу” номинациясы менен аялдар арасында Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин мугалими Аширова Анаргул, эркектер арасында №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин мугалими Арапбаев Бакыт Масиркулович ээ болушту.
Жалпы командалык эсепте 1-орунду Шайдан айылынын, 2-орунду Кочкор-Ата шаарынын жана 3-орунду Ноокен айылынын мугалимдеринин курама командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКын инспектору Т.Бакиров