Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашууга кол коюлду

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда “Билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маселелерин жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү” максатында 2023-2025-жылдар үчүн үч тараптуу макулдашууга кол коюлуп бекитилди.

Макулдашууда негизги маселелер билим берүү тармагында эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарын жакшыртуу, билим берүү  кызматкерлеринин социалдык–экономикалык маселелерин чечилиши, окуу-тарбия иштерин жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, окуу-материалдык базаны чыңдоо болуп саналат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек  кодекси, «Билим берүү», «Мугалимдин статусу», «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер боюнча социалдык өнөктөштүк», «Кесиптик бирликтер», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн-өзү башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамдарын турмушка ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.   

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук кесиптик бирлик комитети