Ноокен районундагы «Отличниктердин слету»
2016-жылдын 19-майында Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын чогулуштар залында райондогу 55 мектептин отличник, спортчу, чыгармачыл окуучуларынын, ата-энелеринин, мугалимдердин, айыл Өкмөттөрдүн башчылары жана райакимдин орун басары Н.А.Бекжигитова, райБББнын башчысы Б.С.Козуевдин жана 250 адамдын катышуусунда райондук слет өткөрүлдү.
Слеттун башталышында райондогу чыгармачыл окуучулардын Арноо концерти берилди. Катышуучуларды Н.А.Бекжигитова, Б.С.Козуевдер ийгиликтери менен жана балдар уюмдарынын түзүлгөн күнү менен куттукташты. Райондогу республикада ийгиликтерди жараткан окуучуларга райакимдин «Ардак Грамотасы», алардын ата-энелерине ыраазычылык каттар менен бирге «Мыкты Ата-Эне» номинациясы тапшырылды.
Слетко чакырылган 100 окуучу райБББнун «Ардак Грамоталары» менен сыйланышып, тапшыруу учурунда окуучулар жөнүндө слайд аркылуу маалыматтар берилип турду. Ата-энелердин өкүлдөрү оз ыраазычылыктарын билдиришти.Слеттун жүрүшү чоӊ экран аркылуу көрсөтүлүп турду.Билим берүү тармагына берген жардамдары үчүн Ноокен айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Б.Курбанкулов “Ыссык-Көлгө”жөлдөнмө менен райКБК тарабынан сыйланды. Слеттун акырында Б.Козуев уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ырахмат айтты.
Mатериалды даярдаган:Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.