Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиум кеңешмеси болуп өттү

     2018-жылдын 18-октябрь  күнү  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиум кеңешмеси болуп өттү.

     Президиум  кенешмесине   К. Нышанов, З.Усенов, А. Усманов,  Б. Курбанова, З. Юлдашева, А.Сагынбаева, Н. Момуналиева, Т. Исмаиловдор катышышты.

     Президиум  күн  тартибинде  төмөнкү  маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды:

  1. Райондун мектептеринде жана бакчаларында этика жана талаш-тартыш комиссиясынын ишинин абалы жөнүндө;
  2. Билим берүү тармагында кышка даярдыктын жана жылытууну уюштуруунун абалы жөнүндө;
  3. 19-октябрь Социалдык жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо жөнүндө;
  4. 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын иш чараларынын алкагында баштапкы кесиптик уюмдарынын фотоальбом конкурсунун жыйынтыктары жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо жөнүндө;
  5. “Региондорду өнүктүрүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2018” тармактык кароо-сынактын Ноокен райондук этабы жыйынтыктары жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо жөнүндө.

 

Материалды даярдаган

 Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров