Ноокен райондук комитетине ыраазычылык
Мен жөнөкөй бирок өтө түйшүктүү кесип жөнүндө сиздер менен ой бөлүшөйүн деп чечтим. Ал албетте ал - мугалимдик кесип.
2021-жылдын 5-6-7-июль күндөрү ушул түйшүктүү кесибибизде бизди моралдык, материалдык жана укуктук жактан колдоочубуз болгон Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Арстанбап” пансионатында уюштурулган “Жайкы мектеп-2021” 3 күндүк эс алуу семинарына район боюнча 104 мугалим барып катышып келдик.
Жайкы мектепте мугалимдер эс алуу менен бирге окутуунун жаңы усулдары, технологиялары жана медиасабаттуулук боюнча билимдерин жогорулатышты. Семинар абдан пайдалуу болду, мугалимдерге керектүү көптөгөн маалыматтарды алдык.
Бул иш-чарада мен жаш мугалим катары көптөгөн жаңы, маанилүү маалыматтарды ала алдым. Катышуучулар өз ара тажрыйба да алмашышты, ар ким сабак өтүүнүн ыкмалары жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүштү.
Ноокен районундагы семинар сабакка барган мугалимдер аябай ыраазычылык билдиришти. Мындан ары да жайкы эс алуу менен биргеликте окууларды уюштуруп турууну суранышты.
“Арстанбап” пансионатында жайкы эс алууну уюштурган Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетине жана окуу-семинарын өтүп берген райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасынын жетекчиси Уланбек Уметовго ыраазычылык билдиребиз.
Маалыматты даярвдаган: Динара Таалайбек кызы №33 Д.Садырбаев атындагы орто мектебинин мугалими