Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокатта үйү күйгөн мугалимге 150 миң сом акчалай жардам берилди

2024-жылдын 16-декабрында Ноокат районундагы А. Эшов атындагы Толман орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Агурукайым Касимованын үйү өрттөнүп, жараксыз абалга келген.

Бул кырсыкка байланыштуу Ноокат райондук Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жалпы мугалимдердин колдоосу менен 150 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

Жардам акчасы мугалимдин үйүн кайрадан калыбына келтирүү иштерине колдонулмакчы.