Ноокат районунда мугалимдердин кесиптик майрамы болуп өттү
2021-жылдын 5-октябрында Ноокат районундагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдары билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамын салтанаттуу белгилешти жана жаңы милдеттерди аныкташты.
Мугалимдердин кесиптик майрамына райондогу ардагер мугалимдер, биринчи жолу мектеп босогосун аттап, мугалим статусуна ээ болгон жаш мугалимдер, айыл өкүмөттөрдүн башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Иманалиев Данел Белекович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асанбаев Акуш Жаныбаевич, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н.Тажибаева катышышты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Жаныбаев билим берүү тармагындагы ийгиликтерди айтуу менен алдыдагы иштерге токтолуп өттү.
Райондогу мыкты мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, мыкты мугалмдерди райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйлады. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана алдыңыкы мугалимдерге тапшырды. Областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен республикалык Борборук комитетин төрагасы А.Токтогуловдун атынан кутукттоо менен бирге кесиптик бирликтин райондук комитетинин "Профсоюз кыймылынын мыктысы " төш белгисин, Ардак грамотасын, ошондой эле кесиптик бирликтин областтык комитетинин Ардак грамоталарын Н.Тажибаева менен биргеликте тапшырышты.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети