Өнөктөштүк өркүндөйт
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук комитети Каныш-Кыя айыл аймагы (башчысы Жолдошбеков Н.) менен социалдык өнөктөш катарында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир топ иштер аткарылып келүүдө.
Тактап айтсак, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан Кайын-Суу айылына 10745,0 мин сомдук бала бакча (директору Максымбекова Г.) курулуп бүткөрүлүп, жакынкы күндөрдө пайдаланууга берилмекчи.
Коргон-Сай айылындагы мектептин кошумча корпусуна 2176,3 сомдук акча каражаты ажыратылган.
Чебурашка бала бакчасынын (директору Рыскулова Г.) капиталдык ремонтуна 3762,6 сом каржыланган.
Наристе бала бакчасынын (директору Козубаева А.) капиталдык ремонтуна 3279,8 сом берилип, толук жумуш аткарылган.
Айгыр-Жал айылына караштуу Кара -Булак участкасына 75 орундуу балдар бакчасынын курулушуна 7100,0 сом каралып, балдар бакчасынын имараты тургузулуп, чатыры жабылган.
Башкы –Терек айылына балдар бакчасынын (директору Өнөрбаева М.) 3 - корпусун капиталдык оңдоого 4665,2 сом каржыланган.
Ал эми 2017-жыл ичинде мектептердин ар кандай чыгымдарына 1072,2 мин сом, техникалык ремонтторуна 510,0 мин сом жумшалган.
Каныш-Кыя айыл аймагы үч тараптуу МАКУЛДАШУУларды ишке ашырып, билим берүү мекемелерине: бала бакчаларга, мектептерге жана мектептен тышкаркы мекемелерге системалуу түрдө каржылык жардам көрсөтүп, келечек муундар үчүн материалдык-техникалык базаны жаратууга чоң көмөк көрсөтүп келүүдө.
Айыл аймактар менен байланыш мындан нары да чындалып, өнөктөштүктү өркүндөтүүгө аракеттер жасала бермекчи.