Өнөктөштүк өркүндөйт
“2018- Аймактарды өнүктүрүү жылында” Жалал-Абад обкомунун иш-чарасына ылайык алыскы региондордун өнөктөштөрү менен байланыштарды өркүндөтүүгө чоң маани берүүдө.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун төрагасы А.Исмаилов Чакал районундагы Чаткал айыл өкмөтүндө бөлүп, 3 тараптуу макулдашуулардын аткарылышы менен жакындан таанышты.
Айыл өкмөт башчысы Исабеков Бакыт жетекчилигинде билим берүү кызматкерлерине түзүлүп жаткан жакшы шарттар, жер участкаларынын берилиши, жаш адистерге көрсөтүлүп жаткан камкордуктар, жаңы мектептин курулушу , жаңы бакчанын ачылышы обкомдон барган кызматкерлерди кубандырды.
Төрага А.Исмаилов өнөктөштүктү мындан ары өркүндөтүп, билим берүү кызматкерлеринин ден-соолугун бекемдоо, алардын балдарына камкордукту жакшыртуу багытында райком менен системалуу иш жургузуу зарылдыгын белгиледи.Айылдык Кеңештин, айыл өкмөтүнүн ишине ийгилектерди каалады.
Материалды даярдаган:Чаткал райкомунун төрагасы-Кудайбердиев Ы.К.