Н.Жайлообаевдин элесине спорттук мелдеш
Ала-Бука районунда мугалимдер арасында мектептер аралык спорттун төрт турүнөн мелдеш өткөрүлүп, жободо белгиленгендей сегиз айыл аймагынан спорттун төрт түрүнөн 36 курама команда катышты.
Спорттук мелдешке жалпы 300дөн ашык профсоюз мүчөлөрү тартылды. Мелдештин ачылышынада КР туусу көтөрүлүп гимни ойнолду. Райондук билим берүү кызматкерлеринин төрагасы Ж.Дурусалиев мугалимдердин спорттук майрамы Аксы чөлкөмүндөгү биринчилерден эмгек сиңирген мугалим Н.Жайлообаевдин жаркын элесине арналып өтүп жатканын баса белгиледи.
Андан кийин балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору Ускенбаев Нурдөөлөт, эң аксакал оюнчу Абдылдабекова Дарья эжекелер жакшы калоолорун айтып, мелдешке ийгиликтерди каалашты.
Мелдештин жыйынтыгы спорттун төрт түрү боюнча чыгарылып, башкы калыс Н.Ускенбаев оюндар курч атаандаштыкта өткөнүн белгилеп жеңүүчүлөрдү атады.
Спортун волейбол түрүнөн эркектер арасында биринчи орунду - Балтагулов айыл аймагынын терме командасы, экинчи орунду - Ак-Там айыл аймагынын терме командасы, учүнчү орунду - Ак-Коргон айыл аймагынын терме командасы, спорттун ушул эле түрүнөн аялдардан биринчи орунду - Балтагулов айыл аймагынын командасы, экинчи орунду - Көк-Серек айыл аймагынын командасы, үчүнчу орунду - Ак-Коргон айыл аймагынын командасы, спорттун кичи футбол түрүнөн биринчи орунду - Ак-Коргон айыл аймагынын командасы, экинчи орун - Балтагулов айыл аймагынын командасы, үчунчү орунду - БӨСМ командасы, спорттун Тогуз коргол түрүнөн биринчи орунду - Балтагулов айыл аймагынын командасы, экинчи орунду - Ак-Там айыл аймагынын командасы, үчүнчү орунду - менталдык арифметика мектептен сырткаркы командасы ээ болгондугун белгилеп өттү.
Спорттук оюндардын арасынан стол теннис түрү боюнча оюнчулардын арасынан эң кичүү, өзүн тыкан алып жургөн Багы-Шамал негизги мектебинин мугалими Жураева Дилнозаны мыкты спортчулук жетишкендигин билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж. Дурусалиев баса белгилеп, жеңүүчүлөргө биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдорду жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды. Волейбол түрү боюнча оюнчу Козуева Асылкан, футбол түрү боюнча Кудратов Айбек өз ыразычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Кудратов Айбек, калыстар тобунун мүчөсү