Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыктылар аныкталды

Ысык-Ата районунда билим берүү уюмдарынын педагогикалык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүү  максатында Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү ар жылдык  «Жылдын мыкты мугалими- 2024» жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” райондук  конкурсу өткөрүлдү.

 Райондук этапка 35 мугалим документтерин тапшырып, I этаптын башталышында  конкурсанттардын папкаларын жана электрондук презентацияларын баалоодон кийин 14 мугалим тандалып, аларга тесттик тапшырма жана сабак өтүүгө жүгүртмө түзүлүп, буйрук менен бекитилген калыстар тобу жыйынтыктарды чыгарды.

Жыйынтыктоочу иш чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Омошев,  орун басары Н.Сагынбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, райондун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана мугалимдердин катышуусунда менен жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Райондук мамлекеттик администрация тарабынан  акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле  Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлик   комитети тарабынан 1-2-3-орунду ээлеген мугалимдерге жана тарбиячыларга муздаткыч, телевизор, смартфондор тапшырылды. Сынактын катышуучулары   ар  кандай  баалуу  белектер, дипломдор, ыраазычылык каттар менен  сыйланышты. Иш чараны уюштуруп, өткөрүүгө райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 206 миң сом бөлүнүп каржыланды.

Иш чара Ивановка №1 Ч.Айтматов атындагы жалпы билим берүү мектеп-гимназиясынын мугалимдер жааматы жана окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети