Мыкты социалдык өнөктөштөр аныкталды
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 7-апрелдеги № 01-13/54 токтому менен жарыяланган жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитетинин биргелешкен токтому менен жайылтылган «2015-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» жана «2015-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-баштапкы кесиптик бирлик уюму» кароо-сынактарын жыйынтыктагы чыгарылды. Комиссиянын чечимине ылайык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталды:
а) айыл өкмөттөрү боюнча
1. Самаркандек а. ө. - I орун - I даражадагы диплом жана акчалай сыйлык
2. Төрт-Күл а.ө. - II орун - II даражадагы диплом жана акчалай сыйлык
3. Кыштут а.ө. - III орун - III даражадагы диплом жана акчалай сыйлык
б) мектеп жетекчилиги боюнча:
1. Б.Нарматов а.о.м. - I орун - I даражадагы диплом жана 2000 сом
2. С.Эрматов а.о.м. - II орун - II даражадагы диплом жана 1500 сом
3. Кара-Токой гимн.м. - III орун - III даражадагы диплом жана 1000 сом
в) баштапкы кесиптик бирлик уюмдары боюнча:
1. Б.Байназаров а.о.м. - I орун - I даражадагы диплом жана 1500 сом
2. Чек о.м. - II орун - II даражадагы диплом жана 1000 сом
3. Токтогул а.о.м. - III орун - III даражадагы диплом жана 500 сом
Кароо-сынактын жобосуна ылайык мыкты айыл өкмөттөрү раймамадминистрациянын, мыкты мектептер жана баштапкы уюмдар райБББнын жана РПКнын дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.
Мыкты мектептердин жана баштапкы уюмдардын жетекчилери үчүн 2016-жылдын июнь-июль айларында Кыргызстандын кооз жайларынын бирине эс алуу экскурсиясы Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин эсебинен уюштурулат.
РКПнын жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова