МЫКТЫ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШ
Эркинбек Садирбекович МАМАТАЕВ-
Ноокен райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы-аким.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун -Ноокен райондук комитети менен биргелешип көп иш аткарабыз
Ноокен районунун өсүп-өнүгүшүнө жана социалдык-экономикалык жактан алга жылышына бараандуу салым кошкон тармактардын ичинде райондук билим берүү бөлүмүнүн орду баа жеткис. Себеби, билим берүү тармагы инсандын адам болуп калыптанышына, районубузду жана өлкөнү өнүктүрүүгө татыктуу салым кошо турган адистердин тарбияланып, турмушка калыптанып чыгышына алгачкы кыш кыноочу (фундамент), ак-караны таанытуучу, келечекке айкын жол салуучу тармак болуп саналат.
Андыктан райондук мамлекеттик администрация билим берүү бөлүмүнө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө, мугалимдердин жашоо-турмушуна шарт түзүүгө, окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн заманбап мектептерде окуусун камсыз кылууга, ремонт иштерине, жаңы бала бакчаларды курууга материалдык жана моралдык жардам берип келет.
Бул максатта жыл сайын Ноокен райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети менен биргеликте үч тараптуу макулдашуу кабыл алып, ага райондук мамадминистрация, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети биригип, аткарыла турган иштердин мерчемин түзүп, ар бирибиз өзүбүзгө тиешелүү ишти аткаруу үчүн кол койдук.
2017 – 2019-жылдар үчүн түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун негизинде эмгектенүү шартын жакшыртуу боюнча райондун аймагында курулуп жаткан мектептер, кошумча класстык бөлмөлөр, капиталдык ремонт жүргүзүү, мектептер менен бала бакчаларга эмеректерди алуу боюнча Эл аралык донор уюмдардан жана бюджеттен акча каражаттарын тартууга көмөк көрсөтүү максатында айыл, шаар жетекчилерине тапшырмаларды берип, райондук өнүктүрүү фондунан да мүмкүн болушунча жардам берип, бир топ иштер аткарылды.
Атап айтсак, район боюнча жергиликтүү бюджеттен (айыл, шаар аймактарынан) 17 625 120 сомдук, республикалык бюджеттен 61 946 022 сомдук, долбоорлордон 21 736 389 сомдук, ата-энелерден 5 454 123 сомдук, демөөрчүлөрдөн 10 101 901сомдук, жалпысынан 116 858 755 сомдук инвестиция тартылып, райондун аймагында курулуп жаткан мектептер, кошумча класстык бөлмөлөр, капиталдык ремонт жүргүзүү, мектептер менен бала бакчаларга эмеректерди алуу жана башка техникалык каражаттарды алуу менен мугалимдер менен окуучулардын эмгектенүүсүнө жана билим алуусуна мыкты шарт түзүлүп жатат десек болот.
Ал эми 2017-жылы билим берүү тармагына Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган объекттерге токтоло кетсем, Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу №13-орто мектебинин жылытуу системасына 2 772 710 сом, Арал айыл өкмөтүнө караштуу. Жогорку Аралдагы 75 орундуу балдар бакчасына 12 140 826 сом, Масы айыл өкмөтүнө караштуу №25-Кызыл-Туу мектебинин от казанын ремонттоого 967514 сом, Ношкен айылындагы 30 орундуу балдар бакчасынын курулушуна 3 391 627 сом, Бүргөндүдөгү 30 орундуу балдар бакчасынын курулушуна 6 461 151 сом, Жаңы-Арык айылына караштуу №18-орто мектебине спорт залдын курулушу үчүн 6 437 147 сом, Бирдик айылына караштуу №31-мектебине ажаткананын курулушуна 579390 сом, бардыгы болуп 32 750 365 сом кача каражаты райондук өнүктүрүү фонду тарабынан берилген.
Мындан тышкары10 жаш адистерге бир жолку берилүүчү жөлөк акчасынын жалпы суммасы - 59 000 сом, турак-жай куруу үчүн жер участкасы - 20 мугалимге берилген. Коммуналдык чыгымдарга карата - 667 мугалим жана тех.кызматкер 2 501 300 сом алган. Медициналык кароодон 1951мугалим, тех кызматкер акысыз өткөрүлгөн. Кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен - 21,7 гектар жер бөлүп берилген. Ал эми мугалимдер майрамында, мугалимдердин ар кандай облустук, республикалык сынактарга катышуусунда, окуучулардын спорттук мелдештерге катышуусунда айыл, шаар жетекчилиги тарабынан материалдык жардам көрсөтүүсүн камсыз кылып турабыз. Мына ушулардын баары райондук билим берүү тармагына көрсөтүлгөн көмөк деп айтсам жарашат.
2018-жыл үчүн райондук өнүктүрүү фондунан дагы 65 334 046 сом акча каражатын бөлүүнүн пландаштырып жатабыз.
Мындан ары да билим берүү тармагына ар тараптуу жардамдар берилип, мугалимдердин жана окуучулардын чыгармачылык менен иштеп, балдарыбыздын терең билим алуусуна жакындан жардам көрсөтө беребиз.
Материалды даярдаган Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.