Республикалык кароонун областтык туру жыйынтыкталды
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин иш планына ылайык «Мыкты жамааттык келишим, үч тараптуу макулдашуу” республикалык кароосунун областтык туру жыйынтыкталды.
Комиссиянын чечими менен Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райкомдору республикалык турга катышуу укугуна ээ болушту. Аларга республикалык турда ийгиликтер жана ооматтар каалайбыз.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров